• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Жалпы 94

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын 30-мартына карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Коронавирус жуктурган жаңы учурлар Жалал-Абад облусунда аныкталган.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий