• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 425 адам бейтапканаларда дарыланууда.

"Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. 65 адамдын абалы орточо оор, 348 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-майга карата коронавирус жуктурган 30 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1433тү түзөт. Алардын ичинен 992 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий