• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 163 учур катталды. Көбү Бишкекте

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. 23-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 163 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3519га жетти.

Бишкек шаарында 94 кишиден, Чүй облусунда − 22, Ош шаарында − 16, Ош облусунда − 9, Нарында – 7, Баткенде – 1, Таласта – 1 жана Жалал-Абад облусунда 13 адамдан коронавирус табылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-июнга карата коронавирус жуктурган 163 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3519ду түзөт. Алардын ичинен 2054 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 41 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий