• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 2 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 2 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунда 70 жаштагы аял жана Ош шаарында 79 жаштагы карыя каза болгон.

"Чүй облусундагы бейтап медициналык жардамга кеч кайрылып, анын өзүнүн өнөкөт оорулары болгон. Ош шаарында каза болгон бейтап медициналык мекемеде дарыланып жаткан. Анын да өнөкөт оорулары бар болгон. Биз көргөн аракеттер жыйынтык берген жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568ге жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий