• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 245 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 245 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал белгилегендей, коронавирус жуктурган 7 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 60 бейтаптын абалы орточо оор. 178 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-майга карата коронавирус жуктурган 28 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 871ди түзөт. Алардын ичинен 614 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий