• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 261 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 261 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 6 киши реанимацияда жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-майга карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 931ди түзөт. Алардын ичинен 658 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий