• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 306 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 306 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирус жуктурган 6 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 70 бейтаптын абалы орточо оор, 230 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-майга карата коронавирус жуктурган 7 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1044тү түзөт. Алардын ичинен 726 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий