• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 320 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 320 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Коронавирус жуктурган 7 адамдын абалы оор, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1082ни түзөт. Алардын ичинен 735 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий