• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 409 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 409 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. 65 адамдын абалы орточо оор, 333 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1403тү түзөт. Алардын ичинен 980 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий