• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 5 бейтап реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 5 бейтап реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 232 адам бейтапканаларда дарыланууда.

"Коронавирус жуктурган 8 адамдын абалы оор, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 53 бейтаптын абалы орточо оор. 171 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-майга карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 843тү түзөт. Алардын ичинен 600 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий