• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 662 жаңы учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган (пневмонияны эсепке алганда) 662 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы АйнураАкматова билдирди.

Бишкек шаарында 221 адамдан, Ош шаарында – 52, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 81, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 82, Жалал-Абад облусунда – 102, Талас облусунда – 22, Баткен облусунда 47 кишиден коронавирус аныкталган.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 662 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 35805ти түзөт. Алардын ичинен 25526 киши айыгып чыкты, 1378 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий