• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 724 бейтап үй шартында дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 724 бейтап үй шартында дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ал билдиргендей, азыркы тапта ооруканаларда 571 адам дарыланууда. Алардын ичинен 36 бейтаптын абалы оор − 11 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 155 адамдын абалы орточо оор, 380 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Ошондой эле 724 бейтапта оорунун белгилери жок болгондуктан, жаңы алгоритмге ылайык алар үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус жуктурган 205 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3356ны түзөт. Алардын ичинен 2021 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 40 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий