• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 87 жаңы учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 15-июнга карата коронавирус жуктурган 87 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында бир күн ичинде өлкө боюнча 2 миң 278 лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп, анын ичинен 87 кишинин анализдери оору бар экенин көрсөткөн.

“Бишкек шаарында 48 учур, Чүй облусунда − 11, Ош шаарында − 18, Ош облусунда − 5, Ысык-Көл облусунда − 2 жана Жалал-Абад облусунда жаңы 3 учур катталды”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-июнга карата коронавирус жуктурган 87 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2372ни түзөт. Алардын ичинен 1813 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий