• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 871 адамдын 228и ооруну үй шартында жугузуп алган – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 871 адамдын 228и ооруну үй шартында жугузуп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Бүгүн, мурдагы күндөрү чыгып жаткандардын көбүнчөсү биз көзөмөлгө алып, үй карантининде болгондордун арасынан чыгып жатат. Бардык учурдун 228и үй шартында жугузуп алгандар. Ал жалпы сандын 25-30%ын түзүүдө. Иш үстүндө же башка жагдайда байланышта болуп калгандар бар. Алардан да көп учурлар чыгып жатат. Ооруну кимден жуктуруп алганы белгисиз болгон бир-эки учур бар", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-майга карата коронавирус жуктурган 28 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 871ди түзөт. Алардын ичинен 614 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий