• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт үйүндө өткөн жыйында билдирди.

Министр билдиргендей, үч киши илдетти жуктуруп алгандыгы аныкталган, алар Сауд Арабиясынан келишкен.

"Сузак районунун үч тургунунда коронавирус бар экендиги такталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан келишкен. Эки лабораторияда тең үч адамда илдет бар экендиги такталды", - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий