• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 жаңы учур катталды. Жалпы 84

COVID - 19 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 29-март саат 12:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 26 жаңы учур катталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 58ден 84 кишиге өстү.

"Жаңы катталган 26 учурдун ичинен Чүй облусунда - 2 адам, Бишкек шаарында - 4 адам, Нарын шаарында - 1 адам, Ош облусунда - 6 адам, Жалал-Абад шаарында - 13 адам", - деп билдирди ал.

Мамбетов кошумчалагандай, булардын бардыгы обсервацияга алынды, врачтардын көзөмөлүндө болуп жатышат. Вирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий