• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы эки учур катталды. Жалпы 16

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Ош облусунда коронавирус жуктурган дагы эки адам катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алар Кыргызстандын Ноокат районунун жашоочулары. "Илдетти жуктуруп алгандар 1960-жылкы аял жана эркек. Алар кичи ажылыктан келгендер. Учурда абалдары салыштырмалуу канааттандырарлык", - деди ал.

Акматова кошумчалагандай, алар жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Алар менен байланышта болгондордун аныктоо боюнча иштер уланууда.

Учурда 1710 адам стационардык карантинде, ал эми 2 миң 155 адам үй карантинде.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстанда COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14 киши болчу (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Андан тышкары, Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка таянсак, Пакистанга дааватка кеткен кыргызстандык бир жарандан коронавирус илдети табылган.

Өкмөт 2020-жылдын 22-мартынан тарта Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар режимин киргизген.

Пикир

Оставить комментарий