• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган эки адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган эки адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Нарын облустук ооруканасында бир бейтап каза болду. Ал 84 жаштагы аял киши. Бир топ убакыттан бери ооруп жүргөн экен. Апрель-март айларында эски ооруларынан жабыркап, улам медициналык мекемелерге барып турган. Эски оорулары козголуп, провизордук госпиталга алынган. Медициналык жардамдын жыйынтыгы болбой, ал реанимацияга жаткырылган. Медициналык жардам көрсөтүлүп жатканына карабастан ал кечээ каза болду. Андан анализ алып, ПЧР-тест менен текшергенде коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кечээ күнү ал жерге берилди. Бейтап келген айылда эл арасында эпидемияга каршы иштер, эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Анын айтымында, каза болгон экинчи бейтап 55 жашта болгон.

"55 жаштагы бир бейтап Республикалык оорулар ооруканасында кайтыш болду. Ал 28-апрелде ооруканага түшкөн. Абалы оору болгондуктан реанимация бөлүмүндө туруп жаткан. Дарылоого карабай ал бүгүн каза болду. Анын эски өнөкөт оорулары козголуп, дарылоо жыйынтык бербей каза болду", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-майга карата коронавирус жуктурган 29 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1111ди түзөт. Алардын ичинен 745 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий