• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Каза болгон бейтаптын бири Бишкек, экинчиси Ош шаарындагы ооруканалардын реанимация бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан.

Бишкек шаарында 82 жаштагы бейтап аял каза болгон. Анын кызы “Автомаш-Радиатор” ишканасында коронавирус жугузуп, ооруканада дарыланып жаткан. Ал кызы менен байланышта болуп, коронавирус жуктуруп алган. Каза болгон бейтаптын кант диабети, гипертония, жүрөк оорулары бар болгон.

“30-май күнү анализ тапшырып, анын жыйынтыгы коронавирус бар деп көрсөтүп, ал ооруканага жаткырылган. Дарылоо иштерине карабай ал каза болду”, - деди ал.

Ош шаарында каза болгон бейтап 34 жашта болуп, ал ак кандуулук (миелоид лейкозу) менен ооруган.

“Каза болгон бейтаптардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-июнга карата коронавирус жуктурган 37 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1936ны түзөт. Алардын ичинен 1340 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий