• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан эки бейтап каза болду. Алардын жакында терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында белгилүү ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирустан каза болду. Экинчи бейтап – Жайыл аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 67 жаштагы бир жараныбыз коронавирустан кайтыш болду", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-майга карата коронавирус жуктурган 30 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1433тү түзөт. Алардын ичинен 992 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий