• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны 1 миңге жакындады

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны 1 миңге жакындады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 32, Чүй облусунда 20, Ош шаарында 7, Ош облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 20 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-июлга карата коронавирус жуктурган 506 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6767ни түзөт. Алардын ичинен 2655 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 76 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий