• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 235 учур катталды. Жалпы 4748

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 28-июнга карата коронавирусту жуктурган жаңы 235 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 107, Чүй облусунда 43, Ош шаарында 33, Ош облусунда 9, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 15, Ысык-Көл облусунда 14, Баткен облусунда 13 жаранда илдет катталды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-июнга карата коронавирус жуктурган 235 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4748ди түзөт. Алардын ичинен 2242 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 47 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий