• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 309 учур катталды. Жалпы 4513

COVID - 19 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. 27-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 309 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкек шаарында 118 кишиден, Чүй облусунда −23, Ош шаарында − 94, Ош облусунда − 39, Нарында – 5, Ысык-Көлдө – 5, Таласта – 3, Баткенде − 3 жана Жалал-Абад облусунда 19 адамдан коронавирус аныкталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-июнга карата коронавирус жуктурган 309 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4513тү түзөт. Алардын ичинен 2212 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 46 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий