• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"25-мартка карата коронавирус жуктургандардын саны 42ни түзөт. Ал учурлар тууралуу 24-мартта айтылган", - деди ал.

Анын айтымында, бейтаптар Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына, Ноокат аймактык ооруканасына, Ала-Бука аймактык ооруканасына, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылып, дарыланууда.

Ал, мурда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган 71 жаштагы жаран ал бөлүмдө экенин жана дарыланып жатканын билдирди.

Кечээ, 24-мартта Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетет: Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий