• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар менен 2 миң 463 адам байланышта болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктургандар менен 2 миң 463 адам байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Министр кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 354 адам жатат.

"5-апрелден тарта изилдөөгө жалпы 44 миң 127 анализ келсе, 43 миң 159 изилдөө жүргүзүлгөн. Сутка ичинде 1 миң 871 изилдөө алынган", - деди Абдикаримов.

Пикир

Оставить комментарий