Кыргызстанда коронавирус жуктургандар менен 7 миң 537 адам байланышта болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандар менен 7 миң 537 адам байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жакын байланыштар (I категория) – 1 миң 556 адамды, ал эми башка байланыштар (II категория) – 5 миң 981 адамды түзөт.

Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстан боюнча обсервацияда 872 адам жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 466га жетет. Алардын ичинен 91 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий