• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 6 адам өздөрү дарыгерге кайрылган – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 6 адам өздөрү дарыгерге кайрылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага "коронавирус жуктуруп алгандардын арасында өздөрү кайрылган учурлар барбы?" деген суроо узатылды.

"Өздөрү кайрылган учурлар бар. Дарыгерлерге 6 киши кайрылган. Ооорунун ар кандай белгилери болуп, коронавирус болбосун деген күмөн менен алар текшерүүгө алынган. Текшергенде ооруну жуктуруп алганы аныкталган. Андан кийин алар дарылоого алынган", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1037ни түзөт. Алардын ичинен 709 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий