• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2657ге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 95 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкеке шаарында 49 кишиден, Чүй облусунда − 14, Ош шаарында − 7, Ош облусунда − 7, Жалал-Абад облусунда – 6, Нарында – 7, Баткенде − 1 жана Талас облусунда 4 адамдан коронавирус табылган.

“Жаңы учурлардын 55инде коронавирус оору жуктурган адамдар менен байланышта болуп, көзөмөлдө турган жарандардын арасында табылды. 3 киши сырттан келгендер. 37 учур боюнча бейтап ооруну кайдан жуктурганы аныктала элек. Азыркы тапта эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп жатат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-июнга карата коронавирус жуктурган 95 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2657ни түзөт. Алардын ичинен 1933 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 31 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий