• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар менен 6 миңден ашык адам байланышта болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов обсервацияда канча адам жатканын жана ооругандар менен байланышта болгондордун санына токтолду.

Анын айтымында, учурда бүт обсервациялар иштеп жатат.

"Өлкө боюнча обсервацияда 1 миң 588 адам жатат. Жалпы 9 миң 128 изилдөө жүргүзүлгөн. Ал эми бир суткада 884 изилдөө болгон", - дейт ал.

Мамбетов маалымдагандай, COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 6 миң 28ге (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал) жетет.

"Анын ичинде I категориядагы байланышта болгон жактардын (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) саны 1 миң 612 жана II категориядагы байланышта болгон жактардын (башкалар) саны 4 миң 416ны түзөт", - деп кошумчалады Мамбетов.

1-апрелге карата Кыргызстанда 111 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий