• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 144 кишиге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 14 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 144 кишиге жетти.

"Жаңы катталган 14 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 1, Ош облусунда - 5, Ош шаарында - 2, Жалал-Абад облусунда - 6 адам бар. Беш учур сырттан келген, калган тогузу алар менен байланышта болгондор", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий