• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталды. Жалпы 14

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жуктургандардын бирөө Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси – кичи ажылыктан кайтып, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.

Учурда өлкөдө жугуштуу илдетти жуктуруп алгандардын саны 14 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий