• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок

Өкмөт 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын өлкөгө киришининин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча бардык зарыл чаралар толук көлөмдө көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында коронавирус менен ооругандар жок.

Республикалык штаб КР аймагына кирүүгө убактылуу киргизилген чектөөлөр акыркы 20 күн ичинде эпидемиологиялык абал жакшы эмес, тобокелдик жогору өлкөлөрдө болуп келген бардык чет өлкөлүк жарандарга тийиштүү экендигин түшүндүрөт. Өлкөлөрдүн тизмеси кырдаалдын өнүгүшүнө жараша жаңыланат.

Муну менен бирге бул мажбур чечимге түшүнүү менен мамиле кылган Кытай, Япония, Корея, Иран жана Италияга ыраазычылык билдирилет. Республикалык штаб Кыргыз Республикасынын жана чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн республиканын аймагында тийиштүү инфраструктураны күчөтүү зарылдыгын негизге алды.

Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча ар тараптуу колдоо көрсөткөн өлкөлөргө ыраазычылык билдирилет.

Мындан тышкары көрсөткөн колдоосу менен жардамы үчүн Кызыл Жарым Ай коомуна терең ыраазычылык билдиребиз.

Акыркы 20 күндө тобокелдик жогору өлкөлөрдө болуп келген Кыргызстандын жарандары кайтып келгенде 14 күндүк карантинге алынат.

Республикалык штаб өлкө жарандарын жоопкерчиликти эске алып, коомду тынчсызданууга жана дүрбөлөңгө алып келе турган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого чакырат. Республикалык штабдын мүчөлөрү кыргызстандыктарга эл көп жыйналган жерлерден оолак болууну жана өздүк гигиена эрежелерин сактоону сунуштайт.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус эпидемиясынын коркунуч деңгээлин "эң жогоркуга" чейин көтөргөн. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун градациясында эң жогорку деңгээл. Ошол эле учурда БДССУ вирустун жайылтуу жолдорун жабуу аркылуу эпидемияны токтотууга болорун белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий