• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавируска каршы 100 адам эмдөөдөн өттү. Кимдер жана кайсы аймакта?

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда бир күндө коронавируска каршы 100 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталган.

“Эмдөө Бишкек, Сокулук, Ысык-Ата райондорунда жана Ош шаарында жүрүүдө. SinoPfarm вакцинасынын 1-дозасын 100 адам алды. Бишкекте 40 медкызматкер, бир мугалим жана 65 жаштан жогору курактагы бир адам вакцина алды. Чүйдө 1-дозаны 30 адам алды. Анын 29у медик жана бирөө улгайган адам. Ош шаарында 28 медкызматкер эмделди”, - дейт ал.

Акматова бардык эмделген жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, карточка берилгенин айтат.

Эскерте кетсек, Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп шаардагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алган.

Пикир

Оставить комментарий