• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавируска каршы 126 миң 424 адам эмдөөнүн биринчи этабын алды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин 126 миң 424 адам коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабынан, анын ичинен 82 миң 345 адам экинчи этаптан өттү. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Ал өз сөзүндө жарандарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугуна олуттуу мамиле кылууга чакырды.

"Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны алыңыздар. Ошондой эле бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды: маска режими жана социалдык аралыкты сактоону өтүнөбүз. Көңүл ачуучу мекемелерге жана иш-чараларга баруудан баш тартууңузду сунуштайбыз”, - деп брифингде Рахматуллаев жарандарды чакырды.

Белгилей кетсек, акыркы суткада 1 238 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап көз жумду. Пандемия башталгандан бери 135 миң 739 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 115 миң 513 киши айыгып чыкса, 2 миң 73 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий