• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүүгө 5,5 миң медкызматкер тартылган

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөшүүгө 5,5 миң медкызматкер тартылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө COVID-19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 79ду түзөт.

"Алардын ичинен 24 дарыгер, 32 орто медперсонал – медайымдар, лаборанттар, дарыгерлердин жардамчылары, калгандары кенже медперсонал – санитаркалар, ашпозчулар жана башкалар”, - дейт Үсөнбаев.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 430га жетти. Алардын ичинен 79у медицина кызматкер. Коронавирустан 71 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий