• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны өндүрө турган ишкана ачуу пландалууда

COVID - 19 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасын өндүрө турган ишкананы ачуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга вакцинанын 500 миң дозасын берген.

"Аталган вакцина Беларусь, Казакстанда өндүрүлө баштады. Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушууда Кыргызстанда вакцинаны өндүрө турган компаниялар бар болсо, Россия тиешелүү комиссияны жиберүүгө даяр экендигин билдирген. Бул процессти тездетүү керек, анткени коронавирустун штаммы дүйнөдө жайылууда", - дейт ал.

Сагынбаев бүтүндөй калкты камсыздоо үчүн вакцинанын 5 млн дозасын өндүрүү пландалып жатканын белгиледи.

"Жарандардын вакцинаны сатып алуусу үчүн анын баасына да көңүл бурулат. Учурда фармкомпанияны тандоо иштери жүрүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий