• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 140,9 миң адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи доза менен 140 миң 922 адам эмделсе, экинчи доза менен 84 миң 147 адам эмдөөдөн өткөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын март айында Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган Sinopharm вакцинасы келип, калкты массалык түрдө эмдөө башталган.

“Андан кийин калкты вакцина менен камсыздоо үчүн министрлер кабинети Кытайдын өкмөтү менен аталган вакцинаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөргө жетишип, анын жыйынтыгында 11-июлда атайын борт менен 1 миллион 250 миң доза вакцина алынып келинген. Алардын ичинен 1 миллион 100 миң дозасы коммерциялык жана 150 миңи гуманитардык жардам катары келген. Алынып келинген вакциналар эмдөөгө болгон суроо-талапты узак убакытка чейин камсыздайт, андыктан вакцина жетпей калуусу мүмкүн эмес. Ар бир жаран жакындарынын алдында жоопкерчиликтүү болуп, эмдөөдөн өтүүсү зарыл”, - дейт ал.

Ишенапысова кошумчалагандай, вакцинаны жеткирүү “муздык чынжыр” аркылуу жүргүзүлөт – ар бир этапта температураны кармоо талап кылынат, ал үчүн атайын авторефрижераторлор жана атайын муздаткыч жабдуу (термоконтейнерлер, муздак камералар, ташып жеткирүүгө ылайыкталган сумкалар) колдонулат.

“Вакцина облуска жеткирилгенден кийин алар муздак бөлмөлөрдө +2 +8 С° температурасында сакталып, убактылуу эмдөө пункттарына бардык санитардык нормаларды жана талаптарды сактоо менен бөлүштүрүлөт”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий