• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавируска каршы жалпы 45 миң 670 адам эмдөөдөн өттү  - статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта коронавируска каршы 4 миң 95 адам эмдөө алды, анын ичинен 1 миң 552и экинчи доза алгандар. Республика боюнча 45 миң 670 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 7 миң 562 адам экинчи доза алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкекте – 12 859 (бир суткада – 1 миң 296, экинчи доза алгандар – 276);

- Ошто – 3 735 (бир суткада – 232, экинчи доза алгандар – 108);

- Чүй облусунда – 6 002 (бир суткада – 715, экинчи доза алгандар – 165);

- Ош облусу – 5 638 (бир суткада – 463, экинчи доза алгандар – 357);

- Ысык-Көл облусу – 4 113 (бир суткада – 310, экинчи доза алгандар – 103);

- Талас облусу – 2 280 (бир суткада – 201, экинчи доза алгандар - 66);

- Нарын облусу – 1 612 (бир суткада – 81, экинчи доза алгандар – 17);

- Жалал-Абад облусу – 7 427 (бир суткада – 554, экинчи доза алгандар – 332);

- Баткен облусу – 2 004 (бир суткада – 243, экинчи доза алгандар – 128).

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий