• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан 275 медкызматкер айыкты, сутка ичинде 6 учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 07.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан 275 медкызматкер айыкты, сутка ичинде 6 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бир суткада коронавирусту 6 медкызматкер жуктуруп алды. "Бишкек шаарында бир, Ош облусунда бир, Ош шаарында бир жана Нарын облусунда 3 медкызматкер илдетке кабылган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 395 учур катталды, алардын ичинен 275 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 7-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2007 учур катталды. Алардын ичинен 395и медицина кызматкери. Илдеттен 1425 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий