• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирустан 3 миң 939 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан 3 миң 939 адам дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стационарда 2 миң 92, амбулатордук түрдө 1 миң 847 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, 15-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 388 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 50 миң 589ду түзөт. Алардын ичинен 45 миң 80 киши айыгып чыкты, 1 миң 99 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий