• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан 5 миң 584 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 5 миң 584 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды
саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал билдиргендей, алардын ичинен 1 миң 21 бейтап ооруканаларда, үй шартында 4 миң 563 адам дарыланып жатат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 119 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 245ти түзөт. Алардын ичинен 36 миң 925 киши айыгып чыкты, 1 миң 57 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий