• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан айыккан алгачкы бейтаптар ооруканадан чыгарылат — министр Чолпонбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта саат 10до Жалал-Абадда COVID-19 коронавирустук инфекциясынан айыккан алгачкы бейтаптарды чыгарышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавируска каршы күрөшүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат. "Бул кырдаал бир гана Кыргызстандын эмес, бүтүндөй дүйнө медицинасы үчүн чоң сыноо болууда. Кытайдын мисалында коронавирусту жеңсе боло тургандыгын көрдүк жана биз ага жетебиз", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда – 39, Ош облусунда – 33, Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда – 1, Нарын облусунда - 1 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий