• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан айыккан дагы 7 бейтап ооруканадан чыгарылды – Үсөнбаев

COVID - 19 0


Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан айыккан дагы 7 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды: Ош шаарында 2 бейтап, Бишкек шаарында 5 бейтап. Алардан кайра алынган анализдери оору жок экенин көрсөткөн. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 449га жетет. Алардын ичинен 78 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий