• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан айыккан медкызматкерлердин саны 150гө жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан айыккан медкызматкерлердин саны 150гө жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. "Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 217 учур катталды, алардын ичинен 150 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 5-майга Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 843кө жетти. Алардын ичинен 217си медицина кызматкери. Илдеттен 600 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий