• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан айыккан медкызматкерлердин саны 300гө жакындады

COVID - 19 0

Бишкек, 09.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан айыккан медкызматкерлердин саны 300гө жакындады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ош шаарында бир, Ош облусунда бир жана Ысык-Көл облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

"Ал эми стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 403 учур катталды, алардын ичинен 293 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 9-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2055 учур катталды. Алардын ичинен 403ү медицина кызматкери. Илдеттен 1483 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 24 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий