• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 650гө жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 13 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 6, Ош шаарынан 6 жана Нарын облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 650 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 11 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 906 учуру катталды. Алардын ичинен 226сы медицина кызматкери. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий