• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 658ге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 8 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7 жана Нарын облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 658 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 25 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 931 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий