• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында - 1, Нарын облусунда 1 адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 495 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 211 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 856ны түзөт. Алардын ичинен 34 миң 306 киши айыгып чыкты, 1 миң 495 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий