• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 киши каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Ош облустук ооруканасында 51 жаштагы аял киши, Жалал-Абад облустук ооруканасында 76 жаштагы аял киши жана Аксы аймактык бейтапканасында 74 жаштагы эркек киши каза болду. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, каза болгон бейтаптардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-июнга карата коронавирус жуктурган 309 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4513тү түзөт. Алардын ичинен 2212 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 46 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий