• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан дагы 37 бейтап айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы 37 бейтап айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Бишкек шаарында 21, Ош облусунда 1, Ош шаарында 6, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2 жана Нарын облусунда 6 бейтап оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-майга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 795 адамды түзөт. Алардын ичинен 564 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий